5- Март 1979 -жылы
ди-джей Лилия Абдыбаитова туулган
"Кыргызстан обондору" радиосунун ди-джейи Лилия Абдыбаитова Казакстанда төрөлүп, Нарын шаарында өсүп-чоңойгон. Нарындагы №2-Чкалов атындагы мектепти аяктаган. БГУнун орус филологиясы факультетин бүтүргөн, кесиби филолог. Студент кезинде 1999-жылы ноябрь айында “Кыргызстан Обондоруна” ди-джей болуп орношкон. Ал жакта 10 жылдай иштеп, ди-джейден директорлукка чейин жеткен. Кийин ал жактан өз каалоосу менен кетип, "Мегаком” уюлдук компаниясында супервайзер болуп эмгектенген. Ошондой эле Коомдук каналдын “Арноо концерти” берүүсүн алып барып, легендага айланган инсандар Бактыбек Мамытов, Гүлшан Молдоева менен чогуу иштеп калган.