7- Март 1999 -жылы
Америкалык кинорежиссёр, фотограф, продюсер Стенли Кубрик каза болгон
Америкалык кинорежиссёр, фотограф, продюсер Стенли Кубрик 70 жашында "С широко закрытыми глазами" аталыштагы тасмасынын монтажын бүткөндөн кийин уктап жаткан жеринен жүрөк оорусу кармап, каза болгон. Анын "Спартак", "Лолита" ж.б. белгилүү тасмаларынын ичинен "Жаркыроо" тасмасы бардык мезгилдин эң коркунучтуу жана таасирдүү тасмасы деп табылган. Америкалыктарды калтыраткан бул тасмада акылынан адашкан жазуучу өз үй-бүлөсүн өлтүргөнү тууралуу баяндалат. Стивен Кингдин романынан алынып, Стенли Кубрик тарткан бул фильм 2003-жылы "100 коркунучтуу тасманын эң мыктысы" аталса, 2004-жылы "Хоррор жанрындагы мыкты тасма" деп табылган. 2005-жылы коркунучтуу учурларды укмуштуудай чагылдырганы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Айрым учурларда тасманын таасиринен кинотеатрларда көрүүчүлөр эстен танып жыгылганга чейин барышкан.