
Орусиялык ырчы жана театр актёру Сергей Лазарев Москва шаарында төрөлгөн. Сергей бала кезинен өтө зээндүү өскөн. Өзү менен курактуу балдар космонавт, өрт өчүргүч, жоокер болууну кыялданып жүргөн кезде Сергей ошондо эле артист болууну самаган. Антсе да төрт жашында Сергейди үйүндөгүлөр спорттун гимнастика түрүнө беришет. Бул жаатында ал өспүрүмдөр арасындагы беттештерден орундарга илинет. Бирок, спортко караганда анын жан дүйнөсү музыкага жакын эле. Анын музыкага болгон кызыгуусу ошол кездеги жаш балдардын сүйүктүү "Утренняя звезда" аттуу берүүсүнөн улам башталган. Аталган сынакка барып катышуу анын максаттарынын бирине айланат. Музыка дүйнөсүнө болгон чоң кызыгуунун деми менен Сергей балдар ансамблине кирет. Бирок, ал жактан "Утренняя звезда" сынагына катыша албасына көзү жетип, көп узабай ансамблден чыгып кетет. Андан кийин белгилүү "Непоседы" балдар ансамблине кабыл алынат. Көп өтпөй ошол жерден Сергейдин ырчылык талантына баа беришип, анын тилеги болгон "Утренняя звездага" жөнөтүшөт. Көксөп жүргөн сынакка катышып, жеңиш менен кайтат. "Непоседыда" жүрүп Сергей сахна, гастроль, мындайча айтканда, артисттин жашоосу менен таанышат.
Мектепте окуп жүргөн кезде ырчы абдан тентек, шок болгон.
Мектепти бүткөн соң, Сергей профессионалдуу актёрдук билим алуу үчүн МХАТ мектебине тапшырат. Аталган окуу жай болочок жылдыздын дагы бир өнөрүн ачат. Ошентип, Сергей спектаклдерге катышып, роль жарата баштайт.
МХАТ мектебинде окуп жүргөндө жакын досу Влад Топалов экөө 2001-жылы "Smash" аттуу топ түзөт. Сергей менен Влад кичине кезинде "Непоседыда" чогуу ырдашкан. Дуэт ырдап чыгуу идеясы ошондо эле жаралган. "Smash" тобунун чыгармачылык иштерине Владдын ата-энеси көп жардамын тийгизген. Дуэт ырдап чыгуу идеясын да Владдын апасы сунуштаган. Көп узабай элдин оозуна алынып, дуэти радиолордон кете баштаган соң, аларга "Universal Music Russia" компаниясынан иштешүү келишими түшөт. Ошондон тартып Влад менен Сергейдин күндөрү концерт, гастролдор менен өтө баштайт. 2002-жылы "Smash" тобу "Новая Волна" конкурсунун жеңүүчүсү аталат. Ал конкурстан кийин топтун популярдуулукка жолу ачылат. 2003-жылы МузТВ каналынын "Жылдын ачылышы", Европа плюс радиосунун "Евро хит", "Алтын Граммофон" конкурстарынын жеңүүчүсү болот. Ал эми "Белл" аттуу ыры хитке айланат. Ошол эле 2003-жылы "Freeway" аттуу альбому миллион нуска менен чыгып, болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келет.
Бирок кийин аталган топ тарап, Сергей Лазарев жеке ырчы катары жолун улаган.