реклама

16-март, 1859-жылы орусиялык физик жана электротехник Александр Попов туулган

Дүйнө
Зымсыз электр байланышын узактыкка берүү каражатын табуучулардын бири, орусиялык белгилүү физик жана электротехник Александр Попов туулган.
А.С.Поповдун радио жана радио байланышка сиңирген эмгеги 1900-жылы Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга арзыган. А.С.Попов Орусияда радиону биринчи ойлоп тапкан адам катары эсептелинет. Анткен менен ал бул тармактын жападан жалгыз "улуттук" талапкери эмес. Америка Кошмо Штаттарында бул орунга Никола Тесланы, Францияда Эдуард Бранлини, Италияда Гульельмо Марконини коюшат. Поповдун жактоочуларынын пикирине караганда, ал Гульельмо Маркониге чейин 1895-жылдын 7-майында биринчи жолу радиоприёмникти иштеткен, 1896-жылдын 24-мартында болсо радиотелеграфтын иштешин көрсөткөн.
  (160 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9060;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: