17- Март 1834 -жылы
Немис инженери Готтлиб Даймлер төрөлгөн
Биринчи мотоциклди чыгарган атактуу немис инженери Готтлиб Даймлер туулган. Готлиб Даймлер мотоцикл менен бош убактысында көңүл үчүн алектенип, негизги изденүүсүн автомобиль жана ичтен күйүүчү кыймылдаткычка арнаган.
Готлиб Даймлер Вильгельм Майбах аттуу жардамчысы менен мотор үчүн карбюраторду, андан кийин суу салкындаткычты ойлоп тапкан. Готлиб Даймлердин көзү өткөнчө ал чыгарган автомобилдер анын ысмында аталып, кийин ал "Мерседес" аталышын алган.