12- Март 1953 -жылы Советтик жана орусиялык джаз жана эстрада ырчысы, киноактриса Ирина Понаровская туулган
Советтик жана орусиялык джаз жана эстрада ырчысы, киноактриса Ирина Понаровская Ленинградда туулган. 6 жашында роялга отуруп, анда ойногонду үйрөнө баштаган. Музыкалык мектепке кирип, аны арфа, фортепиано класстары боюнча аяктап, 15 жашынан тартып вокалдан сабак ала баштаган. 1971-жылы Ленинграддагы консерваторияга тапшырып, 1978-жылы бүтүргөн. Ирина Понаровская 1971-жылдан тартып эле "Поющие гитары", "Коробейник" сыяктуу топтордо ырдап, ал эми актриса катары "Голубые города", "Золотая рыбка", "Трест, который лопнул" сыяктуу тасмаларда роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан