15- Март 1964 -жылы
англиялык-америкалык актриса Элизабет Тейлор биринчи жолдошу Ричард Бёртонго турмушка чыккан
Легендарлуу актриса Элизабет Тейлор биринчи жолдошу Ричард Бёртонго турмушка чыккан. Ричард Бёртон менен болгон сүйүү романы "Клеопатра" тасмасы тартылып жаткан учурда башталган. Анда Ричард Марк Антонионун ролун аткарган. Экөөнүн тең өмүрлүк түгөйлөрү бар болгондугуна карабай (Лиз анда төртүнчү күйөөсү Эдди Фишер менен жашап жүргөн) ачыкка чыгышкан. Тейлор Ричард тууралуу "биздин эң негизги кемчилигибиз – бири-бирибизди катуу сүйгөндүгүбүздө" деп айткан экен. Элизабет Тейлор Ричард Бёртон экөө 10 жыл бирге жашап, 11 тасмага чогуу тартылышкан. Ричард ичкиликке катуу берилип кеткендигинен улам алар мыйзамдуу түрдө ажырашууну чечип, бирок экөөнө тең жашоо кызыксыз болуп, бир жылдан соң кайра табышышат. Бирок бары бир чогуу жашай албаганын сезишип, Лиз сүйүктүүсүн биротоло коё берүүнү чечет да кийин сенатор Жон Уорнерге турмушка чыккан.