15- Март 1994 -жылы Санкт-Петербург шаарында Алла Пугачёва менен Филипп Киркоровдун никеси катталган
1988-жылы Илья Резниктин кечесинде ырчы Филипп Киркоров Алла Пугачёва менен жолугушкан. Бул жылы ырчы биринчи клибин тартып, Ялтада өткөн сынакта жеңишке жетишкен. Ошондон тарта Алла Пугачёва менен биргеликте иштей баштап, 1992-жылы АКШга, Канадага, Германияга гастролго ийгиликтүү барып келишкен. 1994-жылы Киркоровдун жашоосунда чоң бурулуш болуп, ал орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёвага үйлөнүп, 15-март күнү нике күбөлүгүн алышкан. Салтанат Санкт-Петербург шаарында өтүп, никеге катталууну ошол кездеги шаардын мэри Анатолий Собчак өзү көзөмөлдөгөн. Ошол мезгилден баштап экөөнүн сүйүүсү ташкындап, коомчулукта эң көп сөз болгон жан шериктерге айланышкан. Экөө он жылдан ашык чогуу өмүр сүрүп, 2005-жылы ажырашышкан. Бирок мунун так себеби айтылган эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан