16- Март 1992 -жылы тамашоучу Самат Эркинбек уулу туулган
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу Токмок шаарында туулган. 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №77 мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык училищеге тапшырып, 2012-жылы аяктаган. "Тамашоу" долбооруна 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катыша баштаган. "Тамашоудон" сырткары "Мачо", "До+Фа", "До+Фа 2", "Көк салкын", "Көк салкын 2", "Пентхаус", "Браво", "Гонщик таксист" тасмаларында роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан