3- Апрель 1931 -жылы
Көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу үчүн Республикалык комитет уюшулган
Көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу үчүн Республикалык комитет уюшулган. Комитет Кыргыз АССРинин Наркоматына караштуу айыл чарба жана отурукташуу секторуна карап, ал кыргыздардын жер алып, чарба күтүп айыл, кыштактарда жашоосу үчүн иш алып барган.
Отурукташтыруу комитетинин ишкер аракетинин натыйжасында кыргыздар кыска аралыкта көчмөн чарбадан отурукташкан маданиятка өтүшүп, сабатсыздыкты жоюу сыяктуу цивилизация өрнөктөрү менен таанышышкан. Ушул убактан тарта Кыргызстандын азыркы айыл-кыштактары түптөлүп, курула баштаган.