Орусиялык ырчы Алексей Чумаков Өзбекстандын Самарканд шаарында туулган. Ал 11 жашынан тартып өзү жазган ырларды ырдап сахнага чыга баштаган. Өзүнүн эң алгачкы ыры менен Алексей Чумаков Самаркандда өткөн "Утренняя звезда" сынагына катышып, биринчиликти алган.