Америкалык окумуштуу, көрүнүктүү математик жана философ, кибернетиканы жана жасалма интеллект теориясын түзүүчүсү Норберт Винер Стокгольмдо каза болгон.
Норберт Винер 1894-жылдын 26-ноябрында еврейдин үй-бүлөсүндө туулган. Винер 4 жашында эле атасы китепканасына киргизип, 7 жашында ал дарвинизм боюнча биринчи илимий чыгармасын жазган. Норберт орто мектепте чынында окуган эмес. Бирок 11 жашында барктуу Тафт колледжине кирип, 3 жылдан кийин аны көркөм өнөр бакалавры даражасы менен мыкты окуп бүтүргөн.
Норберт Винер 18 жашында математикалык логика боюнча Корнелль жана Гарвард университеттеринде философиянын доктору наамын алган. 19 жашында доктор Винер Массачусетс технологиялык институтуна математика кафедрасына чакырылат.
1913-жылы 19 жаштагы Винер Европага саякатка чыгып, Кембрижде Б.Рассел менен Г.Хардинин лекцияларын, ал эми Гёттингенде Д.Гильберттин лекцияларын уккан. 1914-жылы согуш башталгандан кийин Америкага кайра келет. Европада окуп жүргөндө университеттердин гезиттерине жазып, өзү да лекция окуп, заводдо да 2 ай инженер болуп иштеген.
1915-жылы фронтко барууга аракет кылып, бирок көрүүсү начар болгондуктан медкомиссиядан өтпөй, армияга барбай калган. 1919-жылы 25 жашында доктор Винер Массачусетс технологиялык институтуна математика кафедрасында окутуучу болуп иштей баштайт.
1920-1930-жылдарда ал кайра Европага келген. Бул жылдарда жылдыздардын радиациялык тең салмактуулугу теориясында Винер-Хопф теңдемеси түзүлгөн Винер Пекинде Цинхуа университетинде лекциялар курсун окуп, ушул жылдарда ал Н.Бор, М.Борн, Ж.Адамар жана башка белгилүү окумуштуулар менен таанышкан.
2-дүйнөлүк согуштун алдында Винер Гарвард, Корнелль, Колумбия, Браун, Геттинген университеттеринин профессору болуп, Массачусетс институтундагы кафедрасына толук ээлик кылып калган.
Бул жылдарда салыштырмалуулук теориясы жана статистика боюнча, Фурье катарлары жана интегралдары боюнча потенциалдар теориясы жана сандар теориясы боюнча, жалпыланган гармониялык анализ ж.б. боюнча жүздөгөн эмгектерди жазган.
Согуш учурунда профессор Винер америкалык абадан коргонуу күчтөрү (ПВО) үчүн зениттик ок атуу системдерин башкаруунун математикалык аппаратын түзгөн. Анын түзгөн ыктымалдык модели ПВО үчүн жаңылык болуп калат.
Винердин "Кибернетика" китеби 1948-жылы чыккан. Өлөрүнөн бир аз мурда Норберт Винер Америкадагы илим адамы үчүн эң жогорку болгон окумуштуунун Алтын медалы менен сыйланган.