19- Март 1474 -жылы
Автордук укукту сактоо мыйзамы бекитилген
Венецияда алгачкы ирет ойлоп табылган нерселерге автордук укукту сактоо мыйзамы бекитилген.
Автордук укук – атуулдук укуктун бир бөлүгү, адабият, искусство, илим чыгармаларын, ойлоп табууларды түзүүгө жана пайдаланууга байланышкан укуктарды жана милдеттерди аныктоочу юридикалык эрежелер, нормалар жана мыйзамдар. Автордук укук жеке автордун кызыкчылыгы менен жалпы коомдун кызыкчылыгын коргоого байланышат, ал укукту бузуу сот тарабынан каралат.