20- Март 1904 -жылы америкалык психолог Беррес Фредерик Скиннер төрөлгөн
Америкалык психолог, бихевиоризмдин (адамдардын жана жаныбарлардын жүрүм-турумун изилдөөчү илим) белгилүү өкүлү Беррес Фредерик Скиннер АКШнын Пенсильвания штатындагы Саскуэханне аттуу жериде төрөлгөн.
Беррес Фредерик Скиннер психология ар кандай өбөлгөлөр, реакциялардын ортосундагы сыртынан байкалуучу мыйзам ченемдүү байланыштарды сыпаттоо жана ал реакцияларды бекемдөө менен гана чектелиш керек деп эсептөө менен, жаңы бихевиоризмчилерге каршы чыккан. Ал организм реакцияны өзү бекемдеп, андан кийин гана тышкы өбөлгөлөр (стимул) жаңы реакцияны пайда кылат деген "операнттык" окуу концепциясын тартуулаган. Скиннер операнттык жүрүм-турумду, бир катар өзгөчөлөнгөн ыкма жана приборлорду сунуш кылуу менен, адегенде жаныбарлар аркылуу изилдеген. Адам менен жаныбарлардын жүрүм-турумундагы окшоштуктар тууралуу оюна таянуу менен, ал өзүнүн концепциясын кепти (речти) өздөштүрүүгө, психотерапияга жана мектепте окутууга да жайылтып, программалаштырып окутуунун демилгечилеринен болгон.
Анын адамдын жүрүм-турумун башкаруу аркылуу коомду кайра түзүү жөнүндөгү операнттык бихевиоризми көптөгөн сын пикирлерди жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан