Америкалык физик, биохимик, биолог Уолтер Гильберт Бостондо туулган. Гарвард жана Кембридж университеттерин аяктап, андан соң Гарвард университетинде иштеп калган. Химия илиминде жетишкен ийгиликтери үчүн 1979-жылы Фредерик Сенгер аттуу англиялык биохимик менен Луиза Гросс Горвиц сыйлыгына татыса, 1980-жылы ошол эле Фредерик Сенгер экөө "Нобель" сыйлыгына ээ болушкан.