22- Март 1394 -жылы
астроном жана математик Мухаммед Тарагай Улугбек төрөлгөн
Астроном жана математик Мухаммед Тарагай Улугбек Иранда туулуп, 1449-жылы 27-октябрда 55 жашында Самарканда каза болгон. Анын азан чакырылып коюлган аты Mухаммед Тарагай болгон.
Ал астрономия менен жаратылыш илимдерин билүүгө далалат кылган. Платон, Аристотель, Птоломей ж.б. чыгыш окумуштууларынын эмгектери менен атасынын бай китепканасында жашынан эле тааныш болгон.
Улугбек 1409-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Мавераннахрды башкарган. Бирок Улугбек чоң атасы Амир Темирче кыргын согуш жүргүзүүдөн баш тарткан. Элге бейпил турмуш орнотуп, экономикасын чыңдап, маданиятын көтөрүп, ажайып ак сарайларды салдырып, илимдин өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Ал султан болуп турган мезгилде Сaмарканд, Бухарa, Гиждуан, Мерф калаалары өнүгүп-өскөн.
Улугбектин эң башкы илимий эмгеги - “Зиджи Гурагани” болгон. Андан сырткары, Улугбектин эң көрүнүктүү эмгеги, анын бир жылда 365 күн 6 саат 9 мүнөт 15 секунд бар деген аныктамасы болгон. Муну 20-кылымдын окумуштуулары иликтеп, Улугбек бир гана мүнөткө жаңылганын айтышкан.