
Атактуу америкалык актёр Эдди Мёрфи Нью-Йорк шаарында полиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Эдди сегиз жашка чыкканда атасы кызматтагы кезинде кылмышкерлердин колунан каза таап, баланын андан аркы тагдырын апасы менен өгөй атасы колуна алат. div>
Мёрфинин куудулдук жайы мектепте окуп жүргөн кезинен эле жакшы өнүгө баштаган. Мёрфи он бешке чыкканда тамашакөйлүгүнүн аркасы менен көп акча табууга үлгүрөт, башкача айтканда теледе "Алтынчы күнү кечинде" деген тамашалуу берүүнү алып бара баштайт.
Белгилүү боло баштаган Мёрфи алып баруучулук кесипке канааттанбай, өзүн актёрлук жактан да сынап көрүүнү чечип, эң алгач "48 саат" деген киного тартылат. Абакка отуруп, кылмыш дүйнөсүнө аралашкан, мыйзамды бузуп, бирок кийин көп жакшы иштерди аткарып элдин алкышын алган милициянын ролун комедия аралаш эң мыкты аткарган. 1982-жылы "Америкага саякат" ("Поэздка в Америку") киносу да жогорку билими жок актёрго жогорку ийгиликтерди алып келет. Ушул учурдан кийин өгөй атасы менен апасы үчөөнүн ортосунда келишпестиктер пайда болуп, бул жагымсыз көрүнүш анын карьерасына да терс таасирин тийгизип, актёр жумушунан бир топ аксаган. Жети жыл убакыттан кийин гана эл күтүп сүйгөн жылмаюу, бакырайган көздөрдүн кайрадан сыналгыдан пайда болушу күйөрмандар үчүн жагымдуу жаңылык болгон.
"Акылынан адашкан профессор" ("Чокнутый профессор") киносунда башкы каармандын ролун чагылдырып, жети жылдан бери жоготкон убактысын, солгундай түшкөн ысымын кайрадан жаңыртып, "Жылдын эң мыкты актёру" деп табылат. Ал эми ал тартылган тасманы көрүүгө кинотеатрлардын эшигине чейин элдер тизилип, дээрлик бир жылга чейин өз популярдуулугун жоготпой келген. Ага удаа эле "Доктор Дулити" киносуна катышкандан кийин да андан кем эмес атак алып келет.