19- Март 1286 -жылы
Шотландиянын падышасы Александр III аттан кулап каза болгон
Шотландиянын падышасы 44 жаштагы Александр III кечинде ат менен сейилдеп жүрүп, жандоочторунан алыстап кетип, эртеси анын жансыз денеси табылган. Көпчүлүктүн айтымы боюнча ал аттан кулап каза болгон.
Падышанын күтүлбөгөн өлүмү өлкөдөгү жакшы жашоого болгон бүт үмүттүн баарын өчүргөн. Анын өлүмүнөн кийин өлкөдө катаал жашоо башталып, жыйынтыгы Англия менен согушка алып келген.