18- Март 1985 -жылы
актёр жана режиссёр Азамат Арыков туулган
"Аят" тасмасынан улам таанылган актёр, режиссёр Азамат Арыков Жумгалдын Чаек айылында туулган. Ал Көркөм сүрөт академиясын дизайнер адистиги боюнча аяктаган.
Азамат Арыков "Аят" тасмасындагы Алинин ролу үчүн "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер актёру" деп табылган. Андан сырткары ал актёр катары “Шайтан араба”, “Уурунун махабаты”, “Стоп трафик” ж.б. тасмаларында роль жараткан.