20- Март 1984 -жылы Футбол боюнча Испания курама командасынын жана лондондук “Челсинин” чабуулчусу Фернандо Торрес туулган
Футбол боюнча Испания курама командасынын жана лондондук “Челсинин” чабуулчусу Фернандо Торрес Италиядагы Фуэнлабрада шаарында туулган. Профессионалдык карьерасын 2001-жылы мадриддик “Атлетико” клубунан баштаган футболчу буга чейин 3 клубда ойногон. 2007-жылга чейин “Атлетикодо” ойноп, 214 оюнда 82 гол киргизген. Ал эми англиялык “Ливерпулдун” курамына 2007-жылы өтүп, жалпы мелдештерде өткөргөн 102 оюнда 65 гол киргизген. 2011-жылы Торрести лондондук “Челси” футболдук клубу 80 миллион долларга сатып алган. Бирок, бул клубда оюнчунун көрсөткүчү өтө начарлап, “Челсинин” курамында ойногон 103 оюнда 19 гана гол киргизген. Торрес жеке көрсөткүчү начарлап кетсе да, лондондуктардын курамында командалык эсепте ири жеңиштерге жетишкен. Алсак, 2012-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана Англиянын кубогун утса, 2013-жылы УЕФАнын Евролигасын утуп алган. Ал эми Улуттук курама команда менен 2010-жылы Дүйнө биринчилигин жана 2 ирет Европа чемпиондугун (2008, 2012) уткан.
Фернандо Торрес улуттук курама команданын курамында 106 оюнга чыгып, эсебине 36 гол жаза алган. Торрес жубайы Олалье Домингеске 2008-жылы баш кошкон. Алар 2009-жылы Нора аттуу кыздуу, 2010-жылы Лео аттуу уулдуу болушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан