"Жылдыздар фабрикасы-4" долбоорунун катышуучусу, “Банда” тобунун солисти, рэп ырчы Ратмир Шишков каза тапкан. 26-март күнү Ратмир Шишковду жакындары келбес сапарга узатышкан. Маркум менен коштошкону “Жылдыздар фабрикасы-4” долбоорунун бардык катышуучулары менен бирге долбоордун продюсери Игорь Крутой да келген.