29- Март 1974 -жылы Американын Mariner-10 космостук кемеси Меркурийди алгачкы жолу сүрөткө тарткан
Американын Mariner-10 космостук кемеси Меркурийди алгачкы жолу сүрөткө тарткан.
Планета тууралуу айта турган болсок, Меркурий - Күнгө жакын турган биринчи планета. Ал Айдан бир аз гана чоң, анын орточо тыгыздыгы дээрлик Жердикиндей. Радиолокациялык байкоо жүргүзүүнүн негизинде анын өтө жай кыймылда боло тургандыгы аныкталган. Анын өз огунун айланасында айланышы 58,65 жер суткасын түзүп, Күн айланасында айланышы Т = 88 суткага барабар. Меркурий планетасынын экваторуна күн нуру түшкөн бетинин температурасы +400°С ден жогору болуп, түнкүсүн ошол эле жердин температурасы –180°С ге чейин төмөндөйт. Анын Күн нуру тийген жеринде коргошун, калай, ал тургай цинк металлы да эрип кетет. Ал планетанын бетинде көптөгөн чуңкурчалар (кратерлер) болгондуктан, сүрөтү боюнча Айдын бетинен айырмалоо өтө кыйын. Анын жандоочусу жок.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан