28- Март 2004 -жылы
англиялык жазуучу, драматург, актёр жана режиссёр Питер Устинов дүйнө салган
Англиялык жазуучу, драматург, актёр жана режиссёр Питер Устинов 83 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Жашоосунун акыркы жылдарын Швейцарияда өткөргөн.
Питер Устинов 1921-жылы Лондондо, орустардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Устинов алтымыш жылга созулган актёрлук ишинде 90дой киного тартылып, эки ирет "Оскар" сыйлыгына арзыган. Актёрлук кесибин гуманитардык иштер менен да айкалыштырып, отуз жылдан ашык БУУнун балдар фонду – ЮНИСЕФте коомдук кызматты да аткарып келген.
Питер Устинов кезинде Кыргызстанга да келип, жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айматовдун демилгеси менен уюштурулган "Ысык-Көл" форумунун алгачкы жыйынына катышкан.