26- Март 1979 -жылы V жана VI чакырылыштардагы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко туулган
V жана VI чакырылыштардагы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. Бишкек Финансы-экономикалык академиясын 2001-жылы "менеджмент" адистиги боюнча бүтүргөн, адистешүүсү – финансылык менеджмент. Ошол эле жылы Эл аралык бизнес жана башкаруу университетин (Москва ш.) "менеджмент" адистиги боюнча бүтүргөн, адистешүүсү – банк менеджменти. 2008-жылы Бишкек Финансы-экономикалык академиясынын менеджмент магистри даражасын алган.
Наталья Никитенко 2000-2001-жылы Бишкек финансы-экономикалык академиясында котормочу болуп иштеген. Ал эми 2001-2003-жылдары "JuniorAchievementKyrgyzstan" фондунун менеджери, тышкы байланыштар бөлүмүнүн менеджери, 2003-2006-жылдары Бишкек Финансы-экономикалык академиясынын эл аралык бөлүмүнүн жана карьера борборунун начальниги, 2006-2010-жылдары “EdNet” билим берүү мекемелер ассоциациясынын, ОЮЛдун аткаруучу директору болуп эмгектенген.
2006-2010-жылдары болсо "TeachEx” жогорку билим берүү академиясы" коомдук фондунун директору болгон.
2010-2015-жылдары Жогорку Кенештин депутаты ( “Ата Мекен” парламенттик фракциясы), парламенттин Мамлекеттик түзүлүш, адам укуктары, конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрайымы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында  “Ата Мекен” партиясынын тизмеси аркылуу VI  чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан