Словениянын саясий ишмери Аленка
Братушек ошол убактагы Югославиянын Целе шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Любляна университетине тапшырып, финансылык менеджмент адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган. 1999-2011-жылдары Словениянын каржы министрлигинде иштеп, кийин өкмөткө которулган. 2011-жылы Словениянын парламентине шайланган. 2013-жылдын январында "Позитивдүү Словения" партиясынын лидери болсо, февраль айында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалган.