6- Апрель 1975 -жылы Орусиялык ырчы, композитор Денис Клявер туулган

Орусиялык ырчы, композитор, 1994-2012-жылдары "Чай вдвоём" тобунда ырдаган Денис Клявер Ленинградда туулган. Денис бала кезинен музыкага жакын өскөн. Атасы - белгилүү юморчу, ырчы, популярдуу "Городок" телеберүүсүнүн авторлорунун бири Илья Олейников. Ырчы Санкт-Петербургдагы №310-мектепти аяктаган. Ал эми 1996-жылы Санкт-Петербургдагы Модест Мусоргский атындагы музыкалык колледжди бүтүргөн. 1994-жылы "Чай вдвоём" тобу түзүлүп, Стас Костюшкин менен топто 2012-жылга чейин бирге ырдаган. Аталган топтун бир катар ырлары элдик хитке айланып, хит-параддарда алдыңкы орундардан түшкөн эмес. Топтун белгилүү "Менин мээримдүүм" ("Ласковая моя") ыры 2002-жылы "Алтын граммофон" ("Золотой граммофон") музыкалык сыйлыгына татыган. 2012-жылы "Чай вдвоём" тарап, анын мүчөлөрү жеке ырчылык менен алектене баштаган.

Жеке жашоосу

Ырчы 3 жолу үйлөнгөн. Анын биринчи жубайы балет актрисасы Елена Шестакова болгон. Экинчиси Юлия аттуу бийчи менен 8 жыл чогуу жашап, Тимофей деген уулдуу болгон.

2010-жылы Ирина Федотова аттуу ишкер айымга баш кошкон. 3 жылдан кийин түгөйлөр уулдуу болушуп, ага Даниэль деген ысымды ыйгарышкан.

2010-жылы Денис Клявер белгилүү ырчы Ева Польнанын кызынын атасы экендигин билдирген. Ага чейин 5 жыл бою бул маалымат сыр бойдон сакталып келген.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан