Пастор Терри Жонс Куранды өрттөгөндүгүнө кыжырданган эл аны камоо талабы менен Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы БУУнун миссиясынын имаратына кирип барышкан. Жума намаздан кийин чогулган элден элчиликтеги 14 киши өлтүрүлүп, 20 адам ар кандай жаракат алышкан.