5- Апрель 2005 -жылы Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Аскар Акаев президенттиктен кеткен

Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Аскар Акаев президенттиктен кеткен.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев Кыргыз ССРинин президенти болуп 1990-жылы 27-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда 179 депутаттын колдоосу менен шайланган. Туура бир жылдан кийин, 1991-жылы октябрь айында болгон шайлоодо жана 1994-жылдын январь айында өткөн референдумда Кыргыз Республикасынын башчысы болуп биротоло бекитилген. 1995-жылы президенттик шайлоодо дагы бир жолу мамлекет башчылыгына шайланган. Ал эми 2000-жылы 29-октябрда Аскар Акаев өлкө президенттигине 3-жолу шайланган. 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында ал Кыргыз мамлекетинин аймагынан чыгып кеткен. Ал эми 2005-жылдын ушул күнү өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арызын жазган.

Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Чуй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган.

1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган.

1968-жылы Ленинграддагы Так механика жана оптика институтун бүтүп, аспирантурага тапшырган.

1980-жылы Москвадагы Инженердик-физикалык институтта докторлук диссертациясын жактаган.

1984-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланып, ошол эле жылы аталган академиянын академиги болгон.

1989-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болуп эмгектенген.

Аскар Акаев - профессор, Орусиянын Илимдер академиясынын ардактуу доктору жана чет өлкөлүк мүчөсү. Ал 7 ойлоп табуунун, 43 макаланын, 150 чамалуу илимий иштердин автору жана илимдин 20 кандидатын, 3 докторун даярдаган.

2006-жылы май айында маалыматты оптикалык жолу менен иштеп чыгуу тармагындагы көрүнүктү изилдөөлөрү үчүн Орусия Илимдер Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү катары шайланган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан