3- Апрель 1873 -жылы
чехиялык врач Ян Янский төрөлгөн
Чехиялык врач, окумуштуу Ян Янский Прагада соодагердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ян Янскийдин эң негизги жетишкендиги - бул кандын 4 группасын ачып, анын классификациясын сунуштагандыгы. Кан топтору жөнүндөгү окууну окумуштуу 1907-жылы түзгөн.
Анын айтымында, кан топтору — ар бир кишинин канынын биохимиялык жеке өзгөчөлүктөрү. Бул өзгөчөлүктөр эритроцит белокторунун түзүлүшү түрдүүчө болушуна байланыштуу. Иммунологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу адамдын каны жынысына, жашына, расасына карабастан 4 топко бөлүнөт. Кандын тигил же бул тобуна кире тургандыгы эритроцитте А жана В фактор (антигендер, изоантигендер), кан плазмасында α жана β факторлорунун (изоантителолор) болушу менен аныкталат.