АКШнын жээгиндеги Мексика булуңундагы мунай өндүрүүчү Deepwater Horizon нефть платформасы жарылган. Скважинаны цементтөөдө алгач өрт чыгып, анан жарылуу болгон. Жарылуу маалында платформада 126 адам бар болсо, 115и куткарылып, 17си оор жаракат алышкан. Калган 11 адам табылбай калган. Эки күндөн кийин платформа чөгүп кетип, 1,6 чакырым тереңдикте жайгашкан скважинадан мунай деңизге куюла баштаган. Күн сайын деңизге 5 миң баррель (800 000 литр ) нефть куюлуп турган. Мунайдын деңизге агып кошулушу май айында да токтобой, 152 күн бою аккан.