3- Июль 1904 -жылы
Австриялык журналист жана саясатчы Теодор Герцль каза болгон
Теги еврей болгон австриялык журналист жана саясатчы, саясий сионизмдин негиздөөчүсү Теодор Герцль каза болгон.
Теодор Герцль 1860-жылы 2-майда Будапештте туулган. Герцльлдин сионизмди негиздөөсүнө "Дрейфустун иши" чоң түрткү берген. Альфред Дрейфус Франциянын Генералдык штабында кызмат өтөгөн жалгыз еврей болгон. 1870-жылы Франция Пруссия менен болгон согушта утулуп, Эльзас-Лотарингия аймагынан айрылган. Согуш маалында Генштабда чыккынчынын изи байкалат. Тыкыр изилдөөлөрдүн жыйынтыгында анын бети ачылып, чыккынчы катары офицер Альфред Дрейфус 1895-жылы 5-январда камакка алынган. Бирок еврейлер "Дрейфус чыккынчы эмес, ал еврей болгон үчүн эле айыпталып жатат" деп пресса аркылуу чуу көтөрүп чыгышат.
Ошол маалда Теодор Герцль Веналык "Neue Freie Presse" гезитинде кабарчы болуп турган. Дрейфустун ишинен кийин баары эле еврейлерди күнөөлөй берет экен, еврейлерди коргой турган өз мамлекетибизди түптөбөсөк болбойт деген жыйынтыкка келип, сионизмди түптөгөн. Сион Жакынкы Чыгыштагы тоонун аты, еврейлердин "ушул жер биздин мекенибиз болот" дегендеринен улам алардын кыймылы сионизм деп аталып калган. Сионизм 1975-жылы БУУнун чечими менен расизм жана рассалык дискриминациянын формасы катары айыпталган. 1991-жылы АКШнын жана Израилдин аракети менен ал чечим жокко чыгарылган. Сионисттердин алгачкы конгресси 1897-жылы Швейцариянын Базелинде өтөт. Герцль еврейлердин мен-мен деген банкирлеринин жана барондорунун жардамы менен Осмон империясынын улук вазирлери, Германиянын кайзерлери өңдүү ал убактагы ири мамлекеттердин жетекчилери менен байланыш түзөт. Түрк султандары еврейлердин Палестин жергесине автономия куруу суранычтарын четке кагышат. 1903-жылы Улуу Британия еврей мамлекетин курууга Уганда жергесинен орун бөлүп берет. Африкага барбайбыз деп сионисттик уюмдун башка мүчөлөрү каршы чыккан. Сионизмдин максаты орундалып, арадан 50 жыл өтпөй еврей мамлекети түптөлгөн.