Кыргыздын чыгаан жазуучусу, тарыхый романистика чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчысы болуп эмгектенген.
Т.Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүргөн.
Андан соң "Кыргызокуупедмамбастын" балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жылдары "Ала-Too" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редакторлук кызматтарды аркалаган.
1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий консультант, 1987-жылдан ВААПтын Кыргыз өлкөсүндөгү бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.
Т.Касымбековдун "Кичинекей жылкычы" деген чыгармасы 1952-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланып, анын адабий чыгармачылыгынын тушоосу кесилген.
Жазуучунун "Адам болгум келет" повести 1965-жылы "Советский писатель" басмасынан орус тилинде жарык көргөн.
Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканы жаңы сереге көтөргөн "Сынган кылыч" тарыхый романы (1966) мурдагы Советтер Биримдигинин дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Ал эми 1986-жылы "Кел-кел" романы жарык көргөн.
Т.Касымбеков 1959-жылдан СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон. 1986-жылы "Кыргыз Эл жазуучусу" деген наам алган. 1990-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Жогорку Кеңештин Тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык комиссиянын жетекчиси болуп да иш алып барган.
1990-жылдары Төлөгөн Касымбеков Кыргызстан Эркин жазуучулар союзунун башчысы болуп, 2001-жылы 1-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. Ал эми 2006-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамына арзыган.
Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Төлөгөн Касымбеков 1970-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланган.
Залкар жазуучу 2011-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кайтыш болгон.