4- Январь 1942 -жылы
акын, тамсилчи Тоголок Молдо каза болгон
Акын, тамсилчи, бир катар насыят, санат, терме ырларынын жана поэмалардын автору Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу) 82 жаш курагында кайтыш болгон.
Тоголок Молдо 1860-жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн Куртка айылында туулган. Кийин Музооке ырчыдан тарбия алган. Ырды 14 жашынан жаза баштаган. Көбүнчө сүйүү ырларына кайрылган. 18 жашында Тыныбек манасчыга жолугуп, кошо жүрүп "Манасты" үйрөнгөн. Чыгармачылыгы көп кырдуу, тематикага бай. "Шырдакбек", "Жаңыл Мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" да айтып элди көп кыдырган, санжыра жазган. Кошок ырлары да көп болгон. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары тамсилдери бар. Акындын ысымы көптөгөн айылдарга, көчөлөргө коюлган. Тоголок Молдо Ардак белгиси ордени менен сыйланган.