29- Июнь 1964 -жылы Орусиялык жана грузин ырчысы, актёр Сосо Павлиашвили туулган
Орусиялык жана грузин ырчысы, актёр Сосо Павлиашвили Грузиянын Тбилиси шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Иосиф Раминович Павлиашвили.
Сосо Павлиашвили 6 жашынан тартып скрипкада ойноону үйрөнө баштап, Тбилисидеги консерваториянын скрипка классын бүтүргөн. Армига барып келген соң, 24 жашынан тартып ырдай баштаган. Кийин "Иверия" ансамблине мүчө болуп кирип, 1 жылдай иштеген. 1989-жылы Юрмалада өтө турган сынакка катышып, баш байгеге ээ болгон.
Ал эми актёр катары өзүн сынап, "Новейшие приключения Буратино", "Потерявшие солнце", "Папины дочки" ж.б. тасмаларда роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан