9- Апрель 1979 -жылы Орусиялык ырчы, актриса, алпаруучу Альбина Жанабаева туулган
Орусиялык ырчы, актриса, алпаруучу, "ВИА-Гра" тобунун экс-солисти Альбина Жанабаева Волгоградда туулган. Альбина бала кезинен музыкага жакын өсүп, мектептик хордо ырдап, фортепиано классы боюнча музыкалык мектепти аяктаган. 17 жашында Москвага келип, Гнесин атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайга тапшырган. Ал жакта окуп жүрүп, жарнамалык роликтерге, кинолорго тартылган. Окуусун аяктаган соң Валерий Меладзеден бэк-вокалда ырдоо сунушу түшүп, баш тарта алган эмес. Ал эми 2004-жылы күз айларында "ВИА Гра" тобуна солист катары кабыл алынган. Анда 8 жыл 3 ай иштеген соң топ таркап, Альбина Жанабаева жеке карьерасын баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан