9- Апрель 1990 -жылы Америкалык актриса Кристен Стюарт туулган
Америкалык актриса Кристен Стюарт АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган. Кристен Стюарттын таланты бала кезинен билинип, 8 жашынан баштап тасма талаасына аралаша баштаган. Алгачкы эң чоң ролу голливуддук Дэвид Финчердин "Коркунуч бөлмөсү" ("Комната страха") тасмасында 2002-жылы болгон. Андан соң актрисага удаасынан сунуштар түшүп, ал дүйнөгө белгилүү режиссёрлор менен иш алып барган. Бирок актрисага атактуулукту "Күүгүм" тасмасы алып келген. 2013-жылы белгилүү "Forbes" журналы Кристен Стюартты Голливуддагы Анжелина Жоли, Женнифер Лоуренстен кийинки эң көп акча төлөнгөн актриса деп атаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан