12- Апрель 1972 -жылы
Орусиялык актриса, телеалпаруучу, ырчы Елена Корикова туулган
Орусиялык актриса, телеалпаруучу, ырчы Елена Корикова Тюмен областына караштуу Тобольск шаарында туулган. Бала кезинен таланттуу Елена Корикова мектепти аяктаган соң С.А.Герасимов атындагы бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография университетине ийгиликтүү тапшырып, окуп жүргөн кезинде эле көптөгөн тасмаларда роль жаратканга үлгүргөн. Актрисага атактуулукту "Байкуш Настя" ("Бедная Настя") тасмасындагы ролу алып келген. Актрисалыктан сырткары Елена Корикова өзүн теле жаатында да сынап, "Россия" телеканалындагы белгилүү "Форт Боярд" программасын да алып барган.