Медицина илимдеринин доктору, профессор, академик, коомдук ишмер Асылбек Айдаралиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун тез жардам станциясында дарыгер болуу менен баштаган. Киевдеги мединститутта аспирантураны бүтүрүп, "Биофизика" адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 1977-жылы "космикалык жана авиациялык медицина" адистиги боюнча докторлук диссертациясын жактаган. Кырмединститутунда илимий кызматкер, борбордук илимий изилдөө лабораториясынын биофизика боюнча бөлүм башчысы, Кыргыз ССР ИАсынын бийик тоолуу жердеги физиология жана эксперименталдык патология институтунда лаборатория бөлүм башчысы, СССР ИАсынын Түндүк ДВОсунун биологиялык проблемалар институтунда директор, Орусия илимдер академиясынын "Арктика" ДВОсунун Эл аралык илим изилдөө Борборунун директору болуп иштеген.