Франциялык астроном, Париж илимдер академиясынын мүчөсү Шарль Мессье 86 жашында Парижде каза болгон. Ал жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн жаңы кометаларды издөөгө арнаган. 1763-1802-жылдары астроном 14 кометаны ачкан. Окумуштуунун урматына анын ысымы бир нече асман телолоруна ыйгарылган.