13- Апрель 1965 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов туулган

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов 1965-жылдын 13-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу А.Орозбеков атындагы айылда төрөлгөн. Ал 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун педагогика факультетин, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1982-жылы "Кадамжай" совхозунда автослесарь болуп иштөөдөн баштаган.

1990-1993-жылдары Бишкек шаарындагы Суворов атындагы аскер окуу жайында взводдун командири;

1994-1997-жылдары "Elegant" Кыргыз-Түрк биргелешкен ишканасында директордун орун басары;

1997-1999-жылдары "Грант" Кыргыз-Түрк биргелешкен ишканасында директордун орун басары;

2000-2003-жылы жеке ишкер;

2004-2010-жылдары "Балчы" ЖЧКнын директору;

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2015-жылы КСДП фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан