25- Январь 1959 -жылы
"Достук" ансамблинин солисти Султан Каримов туулган
"Иттипак" уйгурлардын коомдук бирикмесинин маданият бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан калкы ассамблеясынын "Достук" ансамблинин солисти Каримов Султанжан Осмонович Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында туулган.
Султан Каримовду өздүк көркөм чыгармачылык концерттердин биринде Чоро Кожомжаров байкап, ансамблге солист катары чакырган. Кыргыз эстрадасында өчпөс изи бар улуу инсан Чоро Кожомжаров ал убакта Кыргыз мамлекетиндеги эң алгачкы эстрада ансамблинин негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп турган. Ошол убактан тартып Султан Каримовдун филармониянын сахнасында чыгармачылык жолу башталат.
Чоро Кожомжаровдон кеткенден кийин "Ариет" ж.б. топтордо ырдап, Европа, Азия, Африкадагы 27 өлкөдөн ашык өлкөлөрдү кыдырып келген.
Султан Каримов канчалаган сынак, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келген. Мисалга алсак, 2002-жылы Кореяда өткөн Эл аралык фестивалда күмүш кубокко арзыган.
Султан Каримов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти.