3- Январь 2005 -жылы
төкмө акын, актёр, режиссёр Орозбек Кутманалиев көз жумган
Төкмө акын, актёр, режиссёр Орозбек Кутманалиев 72 жаш курагында көз жумган.
Орозбек Кутманалиев 1933-жылдын 15-февралында Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. 1950-жылдан баштап өздүк көркөм чыгармачылык менен иштей баштаган. 1955-жылы акын-импровизатор катары Ардак баракчасы менен сыйланган. Кийин Республикалык куурчак театрына актёр катары чакырылган. 1965-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына солист катары ишке кирген. 1969-1973-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде режиссёр болуп эмгектенген. 1973-1974-жылдары Кыргыз драма театрында актёр, 1975-жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёр болгон. Алгачкы жолу 1965-жылы "Алымкан" телефильминде роль жараткан.