31- Январь 1969 -жылы Экс-депутат, экс-министр Аскарбек Шадиев туулган
Мамлекеттик жана саясий ишмер Аскарбек Шадиев Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Голбо айылында туулган.
1988-жылы Фрунзе Политехникалык техникумун артыкчылык менен аяктап, гидротехникалык иштер, техника жана механиканын механизациясы боюнча адистик алган. 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, 1999-жылы ушул эле университеттин юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1993-жылы "Сфера" өндүрүш-коммерциялык фирмада башкы бухгалтердин орун басары болуп баштаган.
1995-жылы "Азнур ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомдун коммерциялык директору.
1995-жылы "Корпорация Датка" жоопкерчилиги чектелген коомдун вице-президенти.
2000-2002-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты. Жеке менчик, приватизация жана лицензия берүү комитетинин төрагасы болгон.
2002-жылы каржы министринин орун басары кызматында иштеп, ошол эле жылы каржы министрлигинин алдындагы киреше комитетин жетектеген.
2003-2005-жылдары Баткен областынын губернатору.
2005-2007-жылдары III чакырылыштагы  Жогорку Кеңештин  депутаты.
2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты.
Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы болгон.
2010- 2011-жылдары КРнын энергетика министри.
2011-2012-жылдары КРнын энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеген.
Ал эми 2015-жылдын 4-октябрында "Бир Бол" саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан