2005-жылдын 20-июнунан 10-июлуна чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон Керимкулов Медетбек Темирбекович Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылында туулган. Фрунзе политехникалык институтунун инженер-курулушчу факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун прораб болуу менен баштап, кийин республиканын курулуш ишканаларында жетекчи кызматтарда, башкаруунун аткаруу жана башка органдарында, Токмок, Ош жана Бишкек шаарларынын мэри болуп иштеген.