9- Март 1945 -жылы СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Самара Токтакунова төрөлгөн
СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Самара Токтакунова Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. 1960-жылы М.Куренкеев атындагы музыкалык–хореографиялык окуу жайына тапшырган. 1963-жылдан баштап Самара Токтакунова Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы К.Орозов атындагы Мамлекеттик элдик оркестрда, ал эми 1970-жылдан баштап Улуттук филармониянын солисти жана комузчусу болгон. 
1975-жылы Самара Токтакунова алгачкы жеке концертин берген. Ал Нью-Йорктогу (АКШ) "Метрополитен опера", Париждеги (Франция) "Олимпия" аттуу дүйнө жүзүнө атагы чыккан театрларда эл астына чыгып, комузду жана кыргыз элинин мурасын көпчүлүккө тааныткан. Самара Токтакунова Гаванадагы (Куба) 11-Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Москвадагы 12-Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 1977-жылы Самара Токтакуновага Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1982-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1988-жылы СССРдин Эл артисти наамдары ыйгарылып, 1995-жылы "Данк" медалы менен сыйланган. Кыргыз улуттук консерваториясынын профессор наамын алган. Ошондой эле III даражадагы "Манас" ордени, БИМУ (Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму) медалы, "Достук" медалы, М.Ауэзовдун алтын медалы жана "Астана" медалы, "Эмгек кайраттуулугу үчүн" Молдова Республикасынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланган. 
1993-жылдан баштап Кыргыз улуттук консерваториясында жаш муундарды тарбиялап, иштейт. Самара Токтакунова Нокс-Фильт (АКШ) шаарынын ардактуу жараны.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан