5- Февраль 1961 -жылы 4-чакырылыштагы "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев туулган
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясат таануучу, журналист, жеке ишкер Наргозуев Бегалы Молдогозуевич Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган.
Жогорку билимдүү, 1978-1983-жылдары Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) журналистика факультетинде окуган. Ал эми 2011-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин укук таануу факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1983-1984-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында кинорежиссёрдун ассистенти болуп баштаган. 1987-1993-жылдардын аралыгында көркөм фильмдердин директорунун орун басары, жетекчиси болуп иштеген. 1993-жылдан 2003-жылга чейин “Ак калпак” туристтик фирмасынын жетекчиси болуп эмгектенген. 2003-2004-жылдардын аралыгында “Аман Эйр” авиаагенттигинин директору, 2004-2006-жылдары “Алтын Эйр” авиакомпанияларынын Үрүмчү шаарындагы (Кытай) өкүлү, 2007-жылдан тартып “Эсен Эйр” жеке авиакомпаниясынын Президенти болуп иштеген.
2007-жылдан 2010-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан