1- Февраль 1949 -жылы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Уктомхан Абдуллаева төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Уктомхан Абдуллаева Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарында төрөлгөн.
Уктомхан Абдуллаеванын билими жогорку, 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү 1970-жылы башталган. Анда Уктомхан Абдуллаева инспектор, ага инспектор, Ош облусунун Облусттук финансы башкармалыгында бөлүмдүн начальнигинин орун басары, бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальнигинин орун басары болуп 1989-жылга чейин иштеген. Ал эми 1989-жылдан 1991-жылга чейин Ош шаарындагы Шаардык финансы башкармалыгынын начальниги, 1991-жылдан 1994-жылга чейин Ош облусунун Облусттук финансы башкармалыгынын начальниги, 1994-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин министринин орун басары, министрдин биринчи орун басары болгон. 1999-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министринин орун басары, 2007-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министри, 2009-жылдын январынан декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер министри болуп эмгектенген. 2009-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору болуп, ал эми 2010-жылдын июль айынан 2010-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер министри, 2010-жылдан 2011-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин туруктуу өкүлү болгон. Уктомхан Абдуллаева 2011-жылдын апрель айынан баштап Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору.
Уктомхан Абдуллаева Кыргыз Республикасынын 2-класстагы кеңешчиси.
Сыйлыктары тууралуу айта турган болсок, ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Даңк” медалы, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги, Финансы-экономикалык иштеринин отличниги деп табылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан