Техника илимдеринин доктору Ильгиз Айтматов Бишкек шаарында туулган. 1954-жылы Москвадагы Геология-чалгындоо институтун бүтүргөн. Геология башкармалыгынын геология-чалгындоо партиясында жана Кыргыз мамлекетиндеги Каменск экспедициясында инженер болуп иштеген. КСРБ ИАсынын Тоо-кен иштери боюнча инcтитутунда аспирантурада окуп, кийин Кыргыз КСР ИАсынын Физика жана тоо-тектеринин механикасы институтунда кенже илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун илим боюнча орун басары, мүдүрү, ИАсынын физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеп келген.