Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, улуттук киноакадемия академиги жана Эл артисти, Европа киноискусство академиясынын чыныгы мүчөсү Актан Арым Кубат Чүй областына караштуу Сокулук районундагы Күн-Туу айылында туулган.
Актан Арым Кубат 1976-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Андан соң "Кыргызфильм" киностудиясында сүрөтчү, режиссёр болуп иштеген.
1998-жылы өзүнүн "Бешкемпир" аттуу продакшн-студиясын түзүп, 2000-жылы "Ой-Арт" студиясынын арт-директору болот.
Актан Арым Кубат коомдук иштерге да активдүү катышып, киноискусство жаатында "Кыргызстандын кинематографиясы — 2010" деп аталган стратегиянын авторлорунун бири болгон.
Актан Арым Кубаттын документалдык, көркөм тасмалары, алган сыйлыктары тууралуу айта турган болсок:
- "Жолбун ит" (1990-ж, Баку, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси)
- "Үйүң кайда, үлүл?" (1992-ж, Ашхабад, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун байгеси)
- "Селкинчек" (1993-ж, Локарно, Эл аралык кинофестивалдын кыска метраждуу фильмдердин секциясындагы биринчи сыйлык; Турин, ФИПРЕССИ Эл аралык киножурналисттер тобунун атайын байгеси; Подстам, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси).
- "Ырыс алды ынтымак" — социалдык жарнама (1995-жыл, Москва, Эл аралык фестивалдын баш байгеси; Канн, Эл аралык жарнама-фестивалынын "Күмүш оюу" сыйлыгы ).
- "Алакандай элибиз, ынтымактуу бололу" (Москва, Эл аралык жарнама-фестивалынын "Социалдык жарнама" номинациясынын биринчи сыйлыгы).
- "Асан-сөн" (1997-ж, Сиена, Эл аралык кинофестивалда кыска метраждуу фильмдердин баш байгеси; Чикаго, Балдар фильмдеринин Эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун байгеси).
- "Бешкемпир" (1998-ж, Локарно, Эл аралык кинофестиваль, "Күмүш кабылан"; Алматы, "Евразия" Эл аралык кинофестивалынын баш байгеси; Вена, Эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөр менен калыстар тобунун сыйлыгы; Токио, Эл аралык кинофестивалда Азия фильмдери боюнча калыстар тобунун сыйлыгы; Котбус, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси; Анжей, көрүүчүлөрдүн жана француз кинопродюсерлеринин ассоциациясынын сыйлыгы; Буэнос-Айрес, Эл аралык фестивалда калыстар тобунун артисттик салымы үчүн сыйлыгы; Сингапур, Эл аралык кинофестивалда "кинотасманын күмүш кутусу"; Любляна, Эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөрдүн баш байгеси; Белград, автордук фильмдердин Эл аралык фестивалынын баш байгеси; Рига, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун мыкты режиссура үчүн сыйлыгы).
- "Бекет" (2000-жыл, Анапа, Эл аралык фестивалдагы мыкты кыска метраждуу фильмдер боюнча калыстар тобунун сыйлыгы; Котбус, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун сыйлыгы).
- "Маймыл" (2001-жыл, Канн, Эл аралык кинофестивалда конкурстан сырткары расмий "Өзгөчө көз караш" программасына катышуу; Ялта, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси; Анапа, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун мыкты сценарий сыйлыгы; Минск,Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун мыкты режиссура үчүн сыйлыгы; Португалия, Эл аралык "Фестройа" кинофестивалында калыстар тобунун "Күмүш дельфин" сыйлыгы; Братислава, Эл аралык кинофестивалды киносынчылардын Эл аралык калыстар тобунун сыйлыгы).
- "Свет аке" (2010-ж. Канн, Эл аралык кинофестивалда сынактан сырткары расмий "режиссёрлордун эки жумалыгы" программасына катышуу).