9- Март 1960 -жылы саясатчы Данияр Үсөнов туулган
Саясатчы Данияр Үсөнов Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. 1990-жылдардын башында Кара-Балта шаардык администрациясында иштеген. 1995-2000-жылдары ЖКнын депутаты, 2000-2001-жылдары “Эридан” компаниясынын башкы директору, 2001-2005-жылдары “Инексимбанктын” директорлор кеңешинин төрагасы, 2005-жылдын 24-мартынан кийин вице-премьердин милдетин аткаруучу, 2006-2007-жылдары биринчи вице-премьер, 2007-жылдын октябрынан тарта Бишкек шаарынын мэри, 2008-жылдын июлунан тарта КРнын Өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы, ал эми 2009-жылдын 21-октябрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин премьер-министр болуп иштеген.
Ал эми 2014-жылдын 25-июлунда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок Данияр Үсөнов качып жүргөнүнө байланыштуу сыртынан соттолгон. Ал 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга катыштыгы бар деп айыпталган.
Өткөн жылдын июль айында анын Даниил Урицкий деген ат менен жүргөнүн Беларусь мамлекетинин маалымат каражаттарынын бири жазып, сүрөттөрүн жарыялаган. 
Анын Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы белгилүү болгон. Журналисттердин сиз Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновсузбу деген суроосуна так жооп берген эмес. 
Кийин Мамлекеттик каттоо кызматына мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Кыргыз жарандыгынан чыгуу боюнча арыз менен кайрылган эместигин билдирген. Башкы прокуратура Беларусь өкмөтүнө 2017-жылы Данияр Үсөновду табышуу боюнча кайрылганын, кийин Беларусь мамлекети Урицкий - Үсөновго карата чара көрүүдөн баш тартканын маалымдаган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан